Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

О. Молдалиев: Оппозиция бириге албай атат


Серепчи Орозбек Молдалиевдин пикиринде оппозициялык күчтөр уюштуруп жаткан бүгүнкү курултай жыйынтыгы майнаптуу болушу күмөн. Анткени өлкөдөгү оппозициялык күчтөр биримдикке келе албай жатат. Буга Кыргызстандыгы атуулдук жана саясий маданияттын төмөндүгү себеп болууда. “Оппозиция радикалдуу жана калган оппозициялык күчтөр деп экиге бөлүнүп жатат. Эгер бул курултайда оппозиция өкүлдөрү биригүү чечимине келсе, бул балким саясий чөйрөдө кескин өзгөрүүлөргө алып келмек” – деп божомолдойт серепчи. “Бийликти чектелген ресурстарына карабай, жөнү жок сындоодон мурун, ириде конструктивдүү сунуштарды көтөрүү зарыл. Оппозициянын антикризистик кандай чаралары бар?"- деп суроо көтөрөт. О. Молдалиев. (EK)

XS
SM
MD
LG