Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:53

Оппозиция курултайдын резолюциясын бийликке жеткирүүнү көздөйт


“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча курултай чакырган саясий күчтөр бүгүн жыйын өткөрөт. Анда 29-ноябрда Бишкекте өткөн Элдик курултай жана анын резолюциясын бийликке жеткирүү тууралуу сөз болмокчу. Резолюцияда бийликке таза саясий атаандаштык, бийлик бутактарынын көз карандысыздыгы, оппозициянын ишкердүүлүгүнө конституциялык кепилдиктерди камсыз кылуу жана башка талаптар коюлган. Мындан тышкары мамлекет башчыга Элдик курултайда кабыл алынган жаңы саясий системанын концепциясын ишке ашырууга конкреттүү чараларды көрүү сунушу берилген. Оппозиция эгер бул талаптар аткарылбаса жаз алды менен Курманбек Бакиевди кызматтан кетирүү үчүн аракеттер башталарын эскертүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG