Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:36

Кытайдан келген ундун тагдыры жакында чечилет


Биринчи вице-премьер министри Искендербек Айдаралиев башында турган өкмөттүк комиссия жакында Кытайдан келген унду пайдалануу боюнча чечимин чыгарат. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, чечим көз карандысыз төрт эл аралык эксперттик уюмдун жыйынтыгынын негизинде кабыл алынат. Мындай жыйынтыкты акыркы болуп берген Орусиянын кардарлар менен адамдын бейпилдигине көзөмөл салуу боюнча федералдык кызматы ун пайдаланууга жарамдуу деген жыйынтыкка келген. Буга чейин унда меламин жана капр коңузу жок деген жыйынтыгын Германия, Казакстан жана Орусиядагы башка эксперттик уюмдар бергендигин өкмөт кабарлаган. (BD)

XS
SM
MD
LG