“Ак жол” партиясынын Ысык-Көл облусу боюнча координатору Мурат Жетимишбаев бүгүн “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, башкаруудагы “Ак жол” партиясынын рейтинги жер-жерлерде барган сайын жогорулап баратканын билдирди. Анын ырасташынча, жакында эле өткөн жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо “Ак жол” партиясынын мүчөлөрү өлкө боюнча 70 пайызга жакын добуштарды камсыз кылган. “Ысык-Көл облусу боюнча райондук кеңештерге “Ак жол” партиясынан шайлангандар 70 пайызды, айылдык кеңештерге шайлангандар 68 пайызды түздү. Бул элдин колдоосу чоң экендигин көрсөтүп турат”,- дейт М.Жетимишбаев. Мындан мурдараак жер-жерлерде болушкан оппозициялык күчтөр, эл азыркы бийликке ишенбей калганын, бийликтин аброю аймактарда абдан төмөн экендигин айтып чыгышкан. (IJz)