Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Ысык-Көлдө СПИД менен ооругандардын саны өсүп, бир адам каза болду


Ысык-Көл облусундагы СПИДди алдын алуу боюнча борбордун башкы дабагери Шаршекан Огоева дартка чалдыккандар быйыл 11 адамга өскөнүн ырастады. Алардын арасында бир кош бойлуу аял жана эки жарым жашар наристе бар. Баланын 33 жаштагы энеси жакында СПИДден каза болду. Анткени ал ооруканага өтө кеч кайрылган. Учурда диспансердик каттоого алынган 21 адамдын алтысы гана орулуу дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Ошондуктан калгандарына да тийиштүү чара көрүү үчүн атайын комиссия түзүлдү. 1-декабрь СПИДке каршы күрөшүү күнүндө Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында оорунун жайылып кетишин алдын алуу боюнча атайын акциялар өткөрүлдү. Ысык-Көлдө СПИД илдети биринчи жолу 2002-жылы катталган. (RB)

XS
SM
MD
LG