Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

Ысык-Көлдө электр жарыгы 17 сааттан өчүүдө


Ысык-Көлдө күзүндө өчпөгөн электр жарыгы кышында 17 саат өчүрүлүп, элдин нааразылыгы күчөдү. Мектептердин муздактыгынан ата-энелер балдарын окууга жибербей атат. Нан чыгаруучу жайлар толук иштебей, сатыкта нан таңсыкка айланды.

Ысык-Көл облсунун губернаторунун орун басары Калыбек Алышпаевдин маалыматы боюнча быйыл облуска 64 млн. квт. электр кубаты бөлүнгөн, бул өткөн жылдан 32 млн. квтга аз. Кыштын каарын көлдүктөр быйыл эрте сезгенин айтууда.

Ноябрь айынын экинчи жумасында жарым метр кар жаагандан бери, электр жарыгы 14-17 саат өчүрүлүп атат. Анткени облус эмитен эле 1 млн. 800 миң квт. электр кубатын ашыкча сарптап ийген.

Анын 1 млн. 300 миңин бир эле Ысык-Көл району коротуп салгандыктан бул жердеги электр тармактар ишканасынын башчысы Бакыт Сарымолдоев кызматынан бошотулду. Бирок муну менен маселе чечилбей элдин нааразылыгы күчөдү. Көпчүлүк ата–энелер мектептердин сууктугун белгилешти:

- Балдарым таң атпай кетишет, жолдун караңгылыгын, анан мектебинин сууктугу азап болду. Күпшүйүп кийинип кетишет, эптеп окуду аты бар. Эл наарызы болуп атат. Бишкектеги курултайга барганы атат. Балким кыйналган үнүбүз жетеби деп, - Чолпон-Ата шааарынын тугуну Айдай Ишекева тызылдайт.

Семеновка айылынын тургуну Керим Бургеев балдарын окутуудан баш тартканын ырастады:

- Түнү бою өчүп турган жылытуу түтүктөрү эртең менен свет күйөөр менен килейген мектепти кантип жылысын. Кызым ооруп калыптыр, барба мектепке дедим, окутпай эле койдум ушундай шартта. Эй, Бакиев деген айткан кышында жок дегенде жарык болот деп. Телевизордон башка сүйлөп, кылганы болсо башка. Эл аябай кыжыры келип турат. Кырдаал катуу. Светчилер болсо 1 айга 200 квт. эле лимит бердик дептир. Аны баарына текши чектөө болуп атабы, ким билет, айкындуулук деген жок.

Элект жарыгынын 9-10 гана саат берилип атканы фельдшердик пункуттарды жылыта албай, элди тейлөөчү интернет телефон байланыштары, тамак ичүү, чач тегиздетчү, дегеле керектүү кызматтардын кеңселери дээрлик жабылган.

Мектептерди гана мажбурлоо менен жаптырбай атат. Көмүр менен жылытылган мектептерде да абал начар, ал боюнча башка күнү өзүнчө сөз кылабыз. Көл жээктеги ак үйдүн жана бай мекемелердин пансионаттарында үзгүлтүксүз элект жарыгы турганын көргөн эл катуу чыңалууда турат.

Ысык-Көл райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Каныбек Коңкобаев элге бөлүнгөн электр кубатынын 4/1 бөлүгүн 4 эле пансионат коротуп атканын мойнуна алды:

- Биздин район чындыгында 1 миллиондон ашык лимитти жагып салдык. Күнүнө 455 миң квт. пайдалана турган болсок, анын 100 миңин эле президенттин иш башкармалыгынын “Аврора “, 2-резиденция, Кыргызалтындын “Кыргыз деңизи”, Профсоюздар федереациясынын “Көгүлтүр Ысык-Көл” деген пансионаттар сарптап атат. Эми кышка энергия жетпей турган болсо бул маселени да карайбыз. Бирок качанкыга чейин светти өчүрүрүп үнөмдөп жүрүп отурабыз айтуу кыйын.

Электр энергиянын үзгүлтүгүнөн нан чыгаруучу жайлар да толук иштебей, дүкөндөргө нан келбей атат, наркы да кымбаттады. Мисалы, Чолпон-Ата шаарында 14 сомдук бөлкө 16, пирожки 11 сомго чыкты.

Электр тармактар ишканасынын ар бир үй-бүлөгө айына – 200 квттан ашпаган электр кубатын чектөө, генератор пайдалангандар келишим түзпөсө жазана тарттыруу ж.б кошумча түйшүктөр элдин ан сайын кыжырына тийүүдө.

Мисалы Чолпон-Ата шаарынын Ахунбаев көчөсүндөгү трансформатордун зымдарын Рахат Алышпаев аттуу электр адиси каалагандай кесип талкалалап ачык таштап кеткен:

Үй ээси:- Ай эмнеге эшикте ачык эле турган трансформатордун каалгансын талкалайсыңар? Бекитип салсак бир жөн, же 1 тыйын карызыбыз болбосо. Өчүрчү светиңерди өз нормасы менен өчүрбөйсүңөрбү ыя? Тээтиги буроосун ачып туруп эле зымын сууруп салсаңар болот беле, зымдын баарын кескилебей, же чыгымын төлөп бересиңерби?

Энергетиктер: - Бизде 6 кырдуу аспабыз жок, ошон үчүн кесип эле салабыз. Эми кайра 1 фазаны коштуруу үчүн акча төлөсөңөр, 5 күндөн кийин электрик келет.

Үй ээси: - Ой келбейт, билем да машина менен аке жакелеп атып араң алып келмей.

Үч фазалуу электр өткөргүчтүн экөөн кесем деп баарын кесип салып, аны кайра туташтыруу үчүн үй ээсинен 250 сом доолаган элект жумушчулары ушинтип кошумча акча жыйноо аракетинде. Ал эми электр эсептегичтерди жараксыз деп каттап, жазана тарттырган көзөмөлчүлөрдүн жоругун майып аял төмөнкүдөй сыпаттады:

- Текшерүүчүлөр келип счетчиктин пломбасын ачыпсың деп акт түзгөндө дароо мамлекеттик стандарттан текшертсем таза деген, момундай аныктама кагазын берди. Аны РЭСке алып барсам, баары бир 1000 сом жазана тартасын дейт, эмнеге төлөйм өзүм астма дарты менен ооруйм, 1000 сомду кайдан тапмак элем, - дейт Григорьевка айылынын жашоочусу Вера Ипапонцева.

Күнүнө 14-17 саат элект жарыгы өчүп, эл кыйналып турганда электр текшерүүчүлөрдүн бул бир гана мамилеси.

XS
SM
MD
LG