Токмоктук укук коргоочу бүгүн Ички иштер министрлигинин жанында “Дубал, буурчак жана 23 миллион” деген акция өткөрүп, 2005-жылдын март ыңкылабынан кийин Улуттук банктын Жалал-Абаддагы бөлүмүнөн уурдалган 23 миллион сомдун изи табылбай жаткандыгын эске салгысы келген. Ал акциясын мурда кабарлагандай бүгүн саат экиде баштаары менен эле милиция кармап, ал митинг, жыйындарды өткөрүү тууралуу мыйзамды бузгандыгын билдиришти. Максим Кулешов “Демократиянын көчө сабактары” деген акцияларын өткөрүү менен бийликке мыйзам бузуулар, адам укуктарын чектөөлөр тууралуу сабак берүүгө аракеттенип келет. Бирок, ар бир жолу кармалып, айыппул менен бир нече жолу жазаланган.(BD)