Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Б.Обама өзүнүн улуттук коопсуздук тобунун курамы менен тааныштырды


АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама өзүнүн улуттук коопсуздук тобунун курамы менен тааныштырды. Күтүлгөндөй эле, демократ сенатор Хиллари Клинтон айымга мамлекеттик катчынын орду сунушталды. Роберт Гейтс коргоо министри бойдон кала бермекчи. НАТОнун мурдагы башкы командачысы, генерал Жеймс Жонс улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи болот. Мындан сырткары Обама Мамлекеттик катчынын мурдагы орун басары Сюзан Райска Бириккен Улуттар Уюмундагы АКШнын элчиси кызматын сунуш кылды. Барак Обама келээрки жылдын 20-январында АКШнын азыркы президенти Жорж Буштун ордуна бул кызматка киришет.

XS
SM
MD
LG