Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

Косово: EULEX миссиясы аймакты башкаруу түйшүгүн өзүнө өткөрүп алат


Косоводо Евробиримдиктин миссиясы аймакты башкаруудагы эл аралык администрациялык түйшүктү Бириккен Улуттар уюмунун миссиясынан келээрки аптада өзүнө өткөрүп алмакчы. Евробиримдиктин бул өкүлчүлүгү (EULEX) быйыл февралда Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялаган Косоводо полиция, сот бийлиги жана бажыканалардын ишин көзөмөлдөмөкчү. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Евробиримдиктин миссиясынын ишине 27-ноябрда уруксат берген. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Приштина дагы, Белград дагы миссия менен иш алып барарына үмүт артаарын айтты. Азырынча Косовону 52дей өлкө тааныды, Сербия болсо анын эгемендигин таануудан баш тартууда.

XS
SM
MD
LG