Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Украина жана Грузиянын НАТО менен карым-катнашы маселеси талкууланууда


НАТОнун тышкы иштер министрлери бүгүн Брюсселде Украина жана Грузиянын Түндүк Атлантика биримдиги менен карым-катнашы маселесин талкуулашууда. АКШ Украина менен Грузияга НАТОго мүчөлүккө өтүүнүн Иш-аракет планын сунуштоону жактоодо. Бул план болочокто бул эки пост-советтик өлкөнүн НАТОго мүчө болуп калышына жол ачмак. Евробиримдиктин айрым мүчөлөрү, анын ичинде Германия жана Франция расмий Москва менен Евробиримдиктин мамилелерин бузуп алуудан кооптонуп, бул сунушка каршы чыгууда. АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс бүгүн Лондондо сүйлөгөн сөзүндө НАТО Орусия менен мамилелеринде кылдаат болушу керектигин эскертти.

XS
SM
MD
LG