Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

УТРКнын айрым кызматкерлери пикетке чыгышат


УТРКнын башкы жетекчиси Мелис Эшимкановдун башкаруу саясаты менен келише албаган бир катар кызматкерлер эртең, 4-декабрда М. Горький атындагы гүлбакта пикетке чыгышмакчы. Телеканалдын эртең мененки “Замана” телекөрсөтүүлөрүнүн продюсери, УТРК президентинин кеңешчиси Алтынбек Жумаевдин “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча жетекчиликке нааразы болгон журналисттер мындай жол менен элге кабар жеткирүүнү көздөшүүдө. “Буга чейин бир катар кызматкерлердин маалымат жыйындарын уюштуруп, анда айткан сөздөрү маалымат каражаттары аркылуу берилбей, элге жеткирилбей жатат. Эшимканов УТРК башчылыгына келгенден бери эркин үналгылардын үнүн бууганга, муну менен президент Курманбек Бакиевди жаманатты кылууга аракеттер болуп жатат,” дейт Алтынбек Жумаев. УТРКнын башкы жетекчиси Мелис Эшимканов болсо кызматкерлердин нааразылыгы реформа жүргүзүү максатында ишке ашырылып жаткан кыскартуунун негизинде чыгып жаткандыгын “Азаттыкка” билдирген.

Мелис Эшимканов УТРК башчылыгына былтыр октябрда келген. Быйыл жыл башында болсо Бейшенбек Бекешов баштаган кызматкерлердин дагы бир тобу Мелис Эшимкановду кызматтан кетирүү талабы менен ачкачылык жарыялашып, кийинчерээк бул маселе тараптардын мунасага келүүсү менен аяктаган эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG