Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:57

“Жаңы Кыргызстан” оппозиция менен сүйлөшүүдө


“Акыйкат үчүн” кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкуловдун “Азаттыкка” бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, биригүү боюнча “Жаңы Кыргызстан” партиясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр башталууда. Алгачкы жолугушуулар ачык маанайда өттү. “Жаңы Кыргызстан” партиясынын баш катчысы Исмаил Исаков президенттин ички, тышкы жана кадрдык саясатына каршылыгын билдирип, Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан октябрь айынын башында кеткен эле. 2-декабрда партиянын негиздөөчүсү Үсөн Сыдыков президенттин кеңешчиси кызматынан бошотууга арызын берип, ал мамлекет башчысы тарабынан кабыл алынды.(AiT)

XS
SM
MD
LG