Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Бишкекте уюшкан үч кылмыштуу топ активдүү


Ал Көлбаев, Карасартов жана Азиз Батукаевдин уюшкан кылмыштуу топтору. Бишкек шаарында өзгөчө Көлбаев менен менен Карасартовдун топтору активдүү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Бишкек шаардык милициясынын башчысынын орун басары Бакыт Парманкуловдун сөзүнө караганда, бул топтор көзөмөлгө алынып, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. 2008-жылдын азыркы мезгилине карай борбордо 7 миң кылмыш жасалып, анын 62.4% бети ачылган. Борбор боюнча 541 киши дайынсыз жоголуп, алардын 473 дареги аныкталган.(AiT)

XS
SM
MD
LG