Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Э. Каптагаев билдирүү менен чыкты


“Улуу Биримдик” улутчул-демократиялык партиясынын лидери Эмил Каптагаевдин билдирүүсүнө караганда, анын оппозициялык ишмердүүлүгүн токтотуу үчүн бийлик мурда жабылган кылмыш ишин кайрадан козгоп, аны негизсиз жоопкерчиликке тартууга аракеттенүүдө. Башкы прокуратура 2003-жылы Ысык-Көл облусунун губернатору Эмил Анапияевге каршы козголгон кылмыш ишти кайра ачып, аны менен кошо ал кезде губернатордун биринчи орун басары кызматын аркалап турган Эмил Каптагаевдин жоопкерчиликке тартууга аракеттенүүдө. 2003-жылдагы кылмыш иш кыскартылып, губернатор тарабынан келтирилген зыян өз калыбына келтирилген. “Ал эми менин ал ишке эч кандай тиешем жок. Президент К.Бакиев тартип коргоо органдары жана сотторду пайдалануу менен саясий оппоненттерин кысымга алууда”,-деп белгилеген Каптагаев.(AiT)

XS
SM
MD
LG