Бул туурасында Панфилов районунундагы Алыкул Осмонов атындагы орто мектептин мугалими Бакытжан Тажыбаева «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымына караганда райондук бийлик мектептерди убактылуу токтотууну буйрук кылып, окуучулар үчүнчү сааттан кийин үйлөрүнө кетишкен. Бирок түштөн кийин район акими Самарбек Күчүков мектептердин ишин бир күнгө токтотуу туурасында эч кандай буйрук бербегенин билдирди. Ал эми Кара- Балта шаарындагы бир катар мектептерде болсо жер титирөөдөн кийин окуучулар тарап кетишкен. КР Улуттук илимдер академиясына караштуу Сейсмология институтунун маалыматы боюнча бүгүн эртең мененки болгон жер силкинүүнүн күчү Карабалтада 4 - 4,5 жана Кайыңдыда 4,5 баллга жеткен. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда эч кандай кыйроолор болгон жок. (JJ)