Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:54

Обама болочок соода министринин атын атады


Барак Обама Нью-Мексико штатынын губернатору Билл Ричардсонду өлкөнүн болочок соода министри кылып көрсөттү. Бул тууралуу АКШнын жаңы шайланган президенти Обама Чикагодогу маалымат жыйынында билдирди. Ричардсон жети жолу Конгресске шайланган. Президент Клинтондун доорунда Ричардсон АКШнын БУУдагы элчиси жана энергетика министри болгон. Билл Ричардсон президенттик шайлоо өнөктүгүндө Обаманы колдоп, маанилүү төрт штатта: Флорида, Нью-Мексико, Колорадо жана Невадада жеңүүсүнө чоң салым кошкон. 61 жаштагы Ричардсон Кошмо Штаттардагы испан тектүү көрүнүктүү саясатчы.

XS
SM
MD
LG