Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмуна кошулганына он жыл болот


Буга байланыштуу бүгүн Бишкектеги Хаятт мейманкасында Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен аймактык жыйын болмокчу. Анда аймактык жана эл аралык сооданы өнүктүрүү, буга өбөлгө болуучу -бажы машакаттарын жөнөкөйлөтүү, интеллектуалдык менчикти коргоо системасын, техникалык жөнгө салуу жолдорун реформалоого байланыштуу маселелер козголот.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан Борбор Азия аймагынан ДСУга мүчө жалгыз өлкө болуп саналат. Он жыл ичинде өлкө соода саясатында бир катар реформаларды жүргүзүүгө жетишип, соода жүгүртүүнү өнүктүрүү боюнча көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө ээ болду, деп кабарлайт экономика жана соода министрлиги.(ZKo)

XS
SM
MD
LG