Анда бир катар маселелер каралышы күтүлүүдө. Алардын ичинде эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташууларга байланыштуу бир нече токтом долбоорлору бар. Ошондой эле Эсеп палатасына, социалдык фондго, экономика, тоо-кен, транспорт тармагы жана башка маселелер боюнча мыйзам долбоорлору каралат. Бул тууралуу парламенттик маалымат кызматы кабарлады.(ZKo)