Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:38

НАТО менен Москва байланышы мурдагы калыбына келеби?


2-декабрда Брюсселде НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин отурумунда, август айында Тбилиси жана Москванын кармашынан улам Орусия менен үзүлүп калган алаканы акырындап калыбына келтирүү чечими кабыл алынган.

Жыйында Түндүк Атлантикалык альянстын союздаштары Украина менен Грузияны акыры НАТОго мүчөлүккө алууга макул экенин да билдиришкен. Бирок эки мамлекеттин альянска кошулуу багытындагы иштерди жасашы үчүн атайын планды тапшырышкан да жок. Орусия мындай кабарды маңдай жарган кубаныч менен кабылдап, муну өлкөнүн дипломатиялык жеңши болду деп баалоодо.

Альянс менен Москванын алакасы орусиялык күчтүн Грузиянын жикчил аймагына басып киришинен улам сууп калган. Ал күндөрдү «The News» шаршемби күнү жарык көргөн санында 20 жыл чээнде жатып ойгонгон аюу катары сүрөттөйт. 2008-жыл, 8-августта мындай деп баштайт:

- Он миң орусиялык аскер, танктер, БМП жүрүп баратып атуучу артиллериялык куралдар, машинелерге орнотулуу ракеталары бар 58-армия, абадан чабуул жасачу 76-дивизия учактары, 98-аба менен келип түшүүчү десанттык дивизия, СУ-24, СУ-25, СУ-27 штурмалоочу учактар, үндөн тез учуучу бомба таштоочу ТУ-22 учактар жана Кара деңиз флотунун моряктары Грузияны басып киришти...

Анын башкы себебин ачуу максатта гезит, андан ары, аюу уйкуда кезде: Армения, Азербайжан, Беларус, Эстония, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Латвия, Литва, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина жана Өзүбекстан бөлүнүп алышты. Американы аркалаган НАТО уюмуна Эстония, Латвия жана Литва алардын тышкары Словения, Словакия, Болгария жана Румыния өтүп алышты.

Акыры келип, 2008-жылы Бухарестте өткөн саммитте Орусия саал мурдарак уйпалап койгон Грузияны НАТОго чакыруу болду. Ошондо Дмитрий Медведев 1-сентябрь күнү Сочиде жүрүп, мамлекеттик сыналгыдан «бардык чечимдер Кошмо Штаттары кабылдоосунан улам пайда болгон дүйнөлүк тартипке Орусия эч убакта көнбөйт; дүйнө көп уюлдуу болушу керек» деп айтып чыкты. "Мына, ошол учур 20 жыл чээнде жаткан аюунун ойгонушу болду" деп макаласын жыйынтыктайт гезит.

Эмнеси болсо да НАТОнун бул жолку чечимин Маскөө кубаттаганын анализчилер белгилешет. Алдыңкы күнү мамлекеттик сыналгыдан айткан пикиринде Мамдуманын депутаты Константин Косачев бул маселеге, баарыдан мурда Вашингтон кызыкдар деп айыптады:

- Кабыл алынуу, же, ачык айтканда, альянска Грузия менен Украинаны НАТОго мүчө кылуу – ар дайым АКШнын долбоору болуп келген.


Ал эми эл аралык коопсуздук боюнча эксперт Андрей Загорскийдин айтымында, Орусия менен НАТО байланышы мындан ары чыңдалабы, жакшырабы – кеп ошондо. Андай шарт АКШнын жаңы администрациясы ишке киришкенде башталат.

- Менин байкашымча Обаманын коопсуздук багытында жүргүзчү саясаты профессионалдуу гана эмес кыйла катуу болот. Мына ошол шарт максаттардын өзгөрүлүшүнө алып келет.

XS
SM
MD
LG