Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Жазында турак-жай баалары ылдыйлашы ыктымал


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Риэлторлор” уюмунун жетекчиси Елена Николаева билдирди. Анын айтымында, ушул тапта турак-жай баалары былтыркыга салыштырмалуу отуз пайыз түштү. Бирок үйлөр арзандаганы менен алуучулар жокко эсе. Кыймылсыз мүлк рыногундагы абал өтө начар. Мунун себеби - ипотекалык жана дүйнөлүк каржы кризиси. Кризистин айынан жазында турак-жай баалары кырк, элүү пайызга чейин арзандашы мүмкүн. Бирок Е. Николаеванын айтымында, буга кубануунун кажети жок, анткени каржы кризисинен улам адамдардын кирешеси азайып, азык-түлүк баалары өсүп, турак-жай сатып алууга калктын чамасы жетпей калышы мүмкүн. (AiJu)

XS
SM
MD
LG