“Кабар” маалымат агенттигинде бүгүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында “Таза дин” кыймылынын өкүлдөрү Кыргызстанда мусулмандардын курултайын өткөрүп, анда экстремисттик диний агымдарга каршы турууну талкуулай тургандыктарын билдиришти. Кыймылдын активисттери Баратаалы Абсатаров, Жумай Сүйүналиев, Мунарбек Жаңыбаев диндин тазалыгы үчүн күрөшөрүн жарыялашты. Алар ошондой эле кыймыл Манас аба майданындагы АКШ базасын чыгаруу,уйгур калкына эркиндик берүү, Ирандын өзөктүк энергияга укугун камсыздоо жана башка талаптары бар экенин кошумчалашты. “Таза дин” кыймылы расмий түрдө каттоодон өтө элек. Анын мүчөлөрүнүн саны азыр онго чукул, бирок региондордо тарапкерлери көп экенин айтышууда.(AiT)