Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:46

Ооганстан менен Иракта жанкечтилердин чабуулдары бүгүн да орун алды


Ооган полициясынын билдиргенине караганда, өлкөнүн түштүгүндөгү Хост шаарында жанкечтилер өкмөттүк имараттарды буга алуу менен кеминде эки адамды мерт кылышты. Жанкечтилердин бири өзүн наркосоодага каршы күрөшүү боюнча депаратаменттин кеңсесинин ичинде жардырса, экинчиси чалгын мекемелери жайгашан имаратта жардыруу жасаган. Ал эми Иракта автоунаа айдаган эки жанкечти Фаллужа шаарында полиция бекетин бутага алышкан. Полиция бекетин курчаган тосмолордун жанында болгон жарылуулардан кеминде 13 адам өлүп, ондогондору жаракат алды.

XS
SM
MD
LG