Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Белгилүү кыргыз актеру Советбек Жумадыловго эстелик тургузулду


Ала-Арча көрүстөнүндөгү С.Жумадыловдун бейитине коюлган анын айкелин Ысык-Көл облусунун эли жана администрациясы көтөрдү, бул тууралуу Жумадылов менен көп жылдар бирге иштешкен Кыргыз эл артисти, режиссер Замир Сооронбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кыргыз театр жана кино өнөрүнө зор эмгек сиңирген Советбек Жумадыловдун элеси анын чыгармачылыгы жыл өткөн сайын унутулуп бараткан. Бүгүнкү ысык-көлдүктөрдүн жана кинотармагындагылардын жасаган иш чарасы актердун өчпөс талантын жогору баалагандык, дейт эл артисти Замир Сооронбаев. Советбек Жумадылов 1932-жылы 5-декабрда Ысык-Көл облусунун Тепке айылында туулган. 1953-жылы Ташкенттеги театралдык жогорку окуу жайын аяктап келип Кыргыз драма театрында чыгармачылык жолун баштап, көптөгөн спектаклдерде жана кино тасмаларда башкы каармандардын образын жараткан. Кыргыз эл артисти Советбек Жумадылов “Бакайдын жайыты”, “Биринчи мугалим,” “ Уркуя”, “Ысык-Көлдүн жоогазындары”, “Караш ашуусундагы атылган ок” жана башка кинотасмаларда каармандардын мүнөзүн өчпөс кылып жаратып, мурас кылып калтырып кеткен. (AJ)

XS
SM
MD
LG