Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:58

Кыргызстандан Би-би си үн алгысы улуттук каналдан угулбай калды


Бул тууралуу Би-би-синин Бишкек бюросунан тастыкташты. Маалыматка караганда, Би-би-си үн алгысынын кыргыз, орус кызматынын программалары УТРКнын FM жыштыгынан берүү токтотулган. Буга чейин Би-би-си УТРКнын биринчи каналынан, Бишкек-103,7 FM, Кербен 106,3 FM жана Баткен 102,2 FM жыштыгынан обого чыгып келген. Мунун себептерин чечмелөө үчүн Би-би-синин Батыш Азия боюнча бизнести өнүктүрүү менеджери Жемма Хеймандын Бишкекке келүүсү күтүлүүдө. Кыргызстанда Би-би-синин орус кызматы 1994-жылдан баштап, кыргыз кызматы 1996-жылдан бери FM жыштыгында УТРКдан обого чыгып келген. УТРКдан Би-би-синин программалары 1-декабрдан баштап обого берүү токтотулган. (AJ)

XS
SM
MD
LG