Бул тууралуу Элдик курултайдын катышуучулары билдирүү таратты. Анда: “президент мырза, 2008-жылы 29-ноябрдагы Элдик курултайда кабыл алынган “Акыйкаттыкка жол “ жаңы саясий системасынын концепциясын жана резолюцияны сизге жолдойбуз”,-деп көрсөтүлгөн. Элдик курултайда аталган концепция жана резолюция боюнча бийлик чечкиндүү чара көрүүсү, эгерде буга маани берилбесе март айында бийликке каршы ар кандай нааразылык акциялар башталары каралган. (AJ)