Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Элдик революциялык кыймыл менен “Ата Мекен” партиясы кызматташат


Элдик революциялык кыймылдын Улуттук кеңешинин төрагасы Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, “Ата Мекен” партиясы элдик революциялык кыймылдын талабын колдоп, аны ишке ашырууү үчүн акырына чейин кызматташаарын билдирди. Мындай билдирүүнү “Ата Мекендин” төрагасы Өмүрбек Текебаев да тастыктап, революциялык кыймылдын тактикалык аракеттери жаатында айырмачылыктар болгон менен башкы максат бир экендигин жана жаңы түзүлө турган элдик кыймыл алкагында да кызматташуу болорун билдирди. Азимбек Бекназаровдун айтымында, саясий күчтөр ортосунда биригүүгө жергиликтүү уюмдардын талабы катуу таасир берүүдө. Алар саясий партиялар биригип, бир аракетке барбаса Кыргызстандын 15-16 багытты көздөп бөлүнүүсү мүмкүн экендигин эскертишкен.(BD)

XS
SM
MD
LG