Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:30

Сыналгы күнүн Горькийдин эстелигинин жанында белгилешет


Мындай маалыматты “Азаттыкка” УТРКнын нааразылык акциясына катышып жаткан журналисти Шайырбек Абдрахман уулу билдирди. Анын айтымында, УТРК жетекчиси Мелис Эшимкановду кызматынан кетирүү талабын колдоп, улуттук сыналгынын операторлор, режиссерлор тобу кошулушту. Алар 8-декабрь кыргыз сыналгысынын күнүн 9-декабрда нааразылык акциясы өтүп жаткан жерде белгилеп, акцияга белгилүү артисттер менен өнөрпоздорду чакырган жатышат. Ал эми бүгүн Жалал-Абат облусундагы Аксы районундагы Кара-Жыгач айылынын тургундары жыйын курушуп, анда УТРКда көрсөтүлчү “Добуш”, “Кыргыз көчү”, “Багыт” жана башка көрсөтүүлөрдүн жабылышына нааразылык билдирген катты мамлекет башчыга жолдоо чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кара-Жыгач айылынын тургуну Анаралы Назарбеков билдирди.(BD)

XS
SM
MD
LG