Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:21

Неапол мафиясы тууралуу тасма Европалык Киноакадемиянын байгесин алды


Ишембиде (6-декабрда) Даниянын ордо шаары Копенгагенде Европалык Кино академиясынын сыйлыгынын быйылкы жеңүүчүлөрү аныкталды. Италиялык режиссер Маттео Гарроне (Matteo Garrone) тарткан «Гоморра» ("Gomorra") тасмасы баш байгеге арзыды. Жалпысынан беш байге (анын ичинде мыкты режиссер, мыкты филм актеру сыйлыктарын) уткан бул тасма ушул тапта мафиянын коркунучунан улам полициянын калкалоосу астында жашоого аргасыз болгон жазуучу Роберто Савианонун (Roberto Saviano) Неапол аймагын титиреткен кылмыштуу дүйнө тууралуу романынын негизинде тартылган.

Ошентип, режиссер Маттео Гарроне менен актер Тони Сервилло «европалык Оскарга» арзышты. Британ актрисасы Кристин Скотт Томас (Kristin Scott Thomas) болсо «Мен сени ушунчалык узак убакыт бою сүйүп келдим» ("I've Loved You So Long") тасмасында аткарган башкы ролу үчүн жылдын эң мыкты өнөрпоз айымы таанылды.

Европалык Кино академиясынын ар жылы ыйгарылуучу сыйлыгы 1988-жылы негизделген. Быйыл ал 21-жолу ыйгарылууда.

XS
SM
MD
LG