Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:05

М. Тополанек Чехиянын АДП партиясынын жетекчиси болуп кайра шайланды


Чехиянын азыркы өкмөт башчысы Мирек Тополанек (Mirek Topolánek) жекшембиде (7-декабрда) Атуулдук Демократиялык партиянын курултайында бийликтеги бул батышчыл партиянын жетекчиси болуп кайра шайланды. 52 жаштагы бул саясатчыны 284 киши жактап добуш берди, анын атаандашы - Прага шаарынын акими Павел Бем мырза болгону 162 добуш алды. 2009-жылдын 1-январынан тартып Чехия Евробиримдиктин төрагалыгын ротациялык негизде Франциядан өткөрүп алмакчы.

XS
SM
MD
LG