Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Орусиялыктар Алексий-II менен коштошуп жатышат


Орусиянын ортодокс чиркөөсүн жетектеген Алексий Экинчи менен коштошуу каадасы Москвада бүгүн да уланмакчы. Патриарх менен коштошууга келгендердин эсеби миңдеп саналууда. 9-декабрь, патриархтын сөөгү жерге берилчү күнү өлкө боюнча теле-радиодо көңүл ачуучу берүүлөр көрсөтүлбөйт.

Москвалык жана Бүткүлорусиялык патриарх 5-декабрда кайтыш болгон. Орусиялык православ чиркөөсүнүн ыйык синоду ишембиде чиркөө жетекчилигине Смоленск жана Калининграддык митрополит Кириллди шайлады. Ал жаңы патриарх шайлангыча чиркөөнүн ишин башкарат. Шайлоо, алдыдагы жарым жылдын ичинде өткөрүлмөкчү.

Орусиянын биринчи патриархы Алексий Экинчи сексенге келип калган курагында кайтыш болду. Бүтүндөй орус чиркөөсүнүн жетекчисинин сөөгү 9-декабрда жерге берилет.

Бүтүндөй өлкө чегинде аза күтүү күнү жарыяланган жок. Бирок президент чыгарган буйрукка ылайык, патриарх көмүлчү күнү шатыра-шатман оюн-зоок өткөрүлбөйт.

Кремлдик бийлик менен чиркөөнүн чукулдугу баарына маалым эле. Ошол себептен Орусияда башка диндер - ислам, католик же буддизмге салыштырганда православ алдыда эле. Талдоочулар ошол себептен ортодокс жаатын «бийликтин дини» деп айтышат.

Андай жагдайдын маркум Алексий Экинчинин кылдат иш алып баруусунан улам жаралганын белгилешет. Ошол эле учурда анын жетишкен ийгилигинин ичинен тарыхай мааниси бар деп чет элдердеги орус чиркөөлөрдү москвалык, башкача айтканда орусиялык чиркөө башчылыгына жакындата алды дешет.

Бирок Украин православ тагдыры чечилбей калган. Москва менен Киев бийликтеринин саясий алакасы бузулганда диний жааттар арасы алыстап кеткен. Ортодоксторду саясаттан алыс кармап, башка жол менен алып чыгып кетүүгө Алексий Экинчинин алы келбеди дешет.

Патриарх чабалдык кылган дагы бир маселе деп Ватикан менен тил табыша албашын айтышат.

6-декабрь күнү, орусиялык ортодокс чиркөөсүнүн Ыйык синоду чукул жыйын өткөрүп, анда чиркөө ишкердигин башкара туруу үчүн утурумдук жетекчи шайланды. Ага Смоленский жана Калининград аймактарында чиркөөлөрдү жетектеген Кирилл шайланды. Ал буга дейре эле Орусия чиркөөсүнүн тышкы байланышы боюнча бөлүмдү тейлеп келген.

142 миллион калкы бар Орусияда православие ортодокс динин ээрчигендер тургундардын үчтөн экисин түзөрүн талдоочулар айтышат. «Левада» борбору чыгарган жыйынтыкта өлкөнүн 70 пайызына чукулу өзүн православмын дешет. 6 пайызы өзүн мусулманмын десе, 17 пайызы динге таптакыр эле ишенбейт.

Азыркы тапта орусиялыктар үчүн чиркөөгө караганда коомдук институттар таасири күч экенин «Левада» борбордун илимий кызматкери Денис Волков айтат:

- Чиркөөгө караганда президент, өкмөт жана дагы башка азыркы туштагы институттар алдыда.
XS
SM
MD
LG