Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

Батыштык басма сөз каражаттар дин темасын козгошууда


Батыштык басылмалар бүгүн Курман айттын жана ажылык парздын ички маанисин чагылдырган макалаларды жарыялоодо.

Америкалык “Вашингтон Пост” гезити бул күнгө арнап жазган макаласында, болжолу 3 миллион киши быйыл ажылык парзын аткаруу үчүн Мекке шаарына жыйылышканын белгилеп, символизм жана ырым-жырымга бай ажылык парзы исламдын 5 негизги түркүгүнүн бири экенин окурмандары менен тең бөлүшөт. Макалада Сауд өкмөтү ажылык парзын аткаруу учурунда коопсуздукту кепилдикке алыш үчүн 100 000 коопсуздук кызматчыны жайгаштырганы айтылат.

“ЕККУнун тышкы иштер министирлеринин кезектеги жыйынын утурлап Казакстан бир катар мыйзамдарын, анын ичинде шайлоо боюнча мыйзамын алмаштырды. Ошондой болсо дагы бул реформалар жасалма чаралардай таасир калтырууда. Атүгүл, дин боюнча кабыл алынган жаңы мыйзам демократиялык реформа жараянынан кетенчиктегендикти түшүндүрөт” деп жазат Швецариянын «Neue Zurcher Zeitung” гезити.

“Борборазиядагы экс-совет жумуруяттарынын ичинен Казакстан өзүн лидер өлкө эсептейт. Памир тоолору менен Түштүк Сибирдин талааларынын ортосунда орун алып, аянты жагынан дөө өлкө саналган Казакстан, өзүндөгү эбегейсиз жер асты байлыктарына жана геосаясий ордуна суктанган Орусия, Кытай, АКШ жана Европа Биримдиги менен бирдей эле учурда жакшы мамиледе болгусу келет” деп айтылат макалада. Гезитте жарыяланган макалада андан ары «ЕККУнун кезектеги төрагалыгына талапкер болгон Астананын бул максатка жетиш үчүн жасаган иштери талдоого алынат да, ушуга чейин жасалган реформалар чала-бучук реформалар экени бышыкталат» деп жазылат.

“Eurasia View” аттуу интернет баракчасынын макаласында дагы Астананын реформалары талапка жооп бере албай турганы ырасталган. 2010-жылы төрагалык милдетти аркалоо үчүн ЕККУга берген убадалары кыстап жатканына карабастан, Казакстан “түпкү тамырынан либералдаштыруу” деп жар салган реформалар оппозициядагы лидерлердин моокумун кандыра албаганы баса көрсөтүлөт.

Ошол эле баракчада жарыяланган айрым бир макалада болсо, Кыргызстандагы саясий абалга көз чаптырылып, оппозиция 20-декабрда болчу чоң нааразычылык митингине даярданып жаткан кезде, “ЭрК” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу менен “Жоомарт” кыймылынын лидери Нурлан Мотуев биригип курган “Мусулмандар” кеңеши өзүнүн мүдөөсүн чагылдырыш үчүн динден пайдаланууга камданганы билдирилет.

Анда жазылышына ылайык, Мусулмандар союзунун күн тартибинде коррупция жана ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу маселелери каралат. Кеңеш митинг жүрүшүндө, президенттин үй-бүлөсүндө кеңири кулач жайганы айтылган коррупция жана реурстардан кыянат пайдалануулардын токтотулуусун, баалардын турукташтырылуусун, көмүр жана электр энергетикасынын баасынын түшүрүлүүсүн талап кылмакчы.

Өткөн аптада Европа комиссиясы экс-советтик алты республикага сунуш кылган кызматташтык планы “ИХТ” гезитинин жума күнкү санындагы бир макалага гүлазык болгон. “Өзүнүн таасирдүүлүк аймагын Орусиянын арткы коросуна чейин созууну көздөгөн Евробиримдик шаршемби күнү экс-советтик 6 жумуруятка “Чыгыштагы өнөктөштүк” планын сунуш кылды. Армения, Азербайжан, Грузия, Украина, Молдава жана Беларусту кучагына алары күтүлгөн бул өнөктөштүк аталган өлкөлөр менен кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөйт” деп жазат гезит.
XS
SM
MD
LG