Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:52

2009-жылы социалдык курулуштар көбөйөт


Бул маселени президент Курманбек Бакиев  бүгүн премьер-министр Игорь Чудинов менен жолугушууда козгоп, муктаж адамдарга белгиленген турак-жайды ишке киргизүү маселесин талкуулады. Жолугушууда президент социалдык-экономикалык өнүгүү жагдайына, анын ичинде социалдык төлөмдөрдүн, бюджеттин киреше-чыгаша бөлүмдөрүнүн, бажы, салык каражаттарынын жагдайына кызыкты. Өкмөт башчы  бардык маселелер көзөмөлдө турат деп билдирди. Тараптар 18-декабрда экинчи окууда парламент караары күтүлүп жаткан 2009-жыл үчүн республикалык бюджеттин ал-ахыбалын талкуулашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымат таратты. Бюджеттин киреше бөлүгү 40 млрд сомдон, чыгаша бөлүгү 44млрд. сомдон ашык экендиги мурда маалымдалган.  (BuS)

 

XS
SM
MD
LG