Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Ошто айт намазында хизбутчуларга каршы чакырыктар жаңырды


Оштогу элүү мечиттин жыйырма экисинде Курман Айт намазы окулду. Аймактын момун мусулмандарын Ош облусунун жана шаарынын жетекчилери улуу майрамы менен куттукташты. Ошол эле убакта айрым мечиттерде радикалдашкан диний агымдарга кошулбоого үндөгөн чакырыктар да айтылды.

Ош шаарындагы Рават Абдуллахан мечитине саарлап чогулган мусулмандарды Ош облусунун губернатору Аалы Карашев Курман Айт майрамы менен мындайча куттуктады:

- Курман айттын мааниси өзгөчө десем болот. Эң башкы себеби мусулман баласынын кең пейилдүүлүккө, ак ниеттүүлүккө, ыймандуулукка, кайрымдуулука жана куран түшүрүүгө чакырган улуу тарбиясында. Биз да бул Курман айт күнү ушул салттан жазбай Алла талаадан аманчылыкты, ынтымакчылыты, жакшылыкты тилейли. Жараткан өзү өлкөбүздү өркүндөттсүн.

Аалы Карашев президент Бакиев жеке фондунан 6 ноопаз, 8 койго каражат бөлгөндүгүн, мынча мал жетим балдар мектебине, ошондой эле медреселерге таркатылаарын жарыя кылды.
-Хизбутчулар улуттарды бири-бирине кайрап атышат. Бул өтө опурталдуу, коркунучтуу нерсе. Буга чогуу турбасак кыйын.


Ош шаар мэри Жумадыл Исаков босогосун аттаган Имам Аль-Бухарий мечитинде радикалдашкан диний агымдарга, анын ичинде өлкөдө тыюу салынган “Хизб-ут-тахрир” экстремисттик партиясына кошулбоого үндөгөн чакырыктар айтылды:

Ош шаардык кеңешинин депутаты Авазбек Асанов “Хизб-ут-тахрир” өңдөнгөн агымдарга каршы күчтөп күрөшүүнү эп көрбөйт. Анын оюнча мектептерде дин сабагын окутуу аркылуу маселеге чекит койсо болот:

- Эмне үчүн адамдар өзүнүн дининен башка динге өтүп кетип атышат. Себеби өзүнүн дини жөнүндө маалымат жок. Биз «Хизб-ут тахрир» партиясы менен күрөшүп атабыз, булагы менен күрөшкөнүбүз жок, натыйжасы менен күрөшүп атабыз. Бүгүн бешин, онун, жүзүн камайбыз, анын ордуна дагы жүзү чыгат. Мектепте диний маалымат беришибиз керек, ислам, христианчылык, секталар, хизбут, вахабизм жөнүндө маалымат беришибиз керек. Башка жол жок.

Курман Айт күнү бардык мечиттерде намаз окулбагандыктан, көпчүлүк мусулмандар ыңгайсыз абалда калышты. Себеби, бардык жолдор тосулган. Автоунаалар токтотулган. Коомдук жайлар жана мечиттер күчөтүлгөн режимдеги милиция кызматкерлери менен курчалган. Ошондуктан, облустук акимчиликтин алдындагы борбордук аянтка намаз окууга уруксат бербей жергиликтүү бийлик чоң катачылык кетирди. Шаар тургуну Эркин Марипов мына ушундай пикирде:

- Борбордук мечите болдук, ыңгайсыз болду, жолдорду жаап койду, машинелерди токтотуп койду, көпчүлүк эл батпады. Шаардын мэри келип катышты, милициясы турду кайтарып. Жергиликтүү бийлик туура көргөн болсо Бишкектегидей кылып эле облакимиаттын алдындагы аянтка өткөрсө жакшы эле болмок. Элдин баардыгы чогуу жаамат менен окутулмак.

Шаардын айрым жашоочуларынын талабын Ош облус казысы Сүйүнбай Калыков четке кагып, Курман Айттын тартиби сакталгандыгын, шариятта жок нерселерге уруксат берилбегендигин маалымдады.

- Борбордук аянтта окулбагандыгынын себеби Ош шаарында, Ош облусунда мечиттер толук жетиштүү, ошондуктан ар ким жамаат менен эле окуйт деген чечим чыгарганбыз. Курман айт намазы окулгандан кийин, бири-бирин куттуктагандан кийин үй-үйүнө тарайт. Негизи айттын тартиби ошондой. Анан паркка барып лоторея ойнотсун, күрөш өткөрсүн, аш кылсын деген шариатта жок нерсе, - деди ажы Сүйүнбай Калыков.

XS
SM
MD
LG