Кабарларга караганда, кармалагандардын арасында теракттарды уюштурган адам бар. Бирок бул кабар да расмий тастыктала элек. Индиянын расмий булактары билдиргендей, теракттардан кийин колго түшүрүлгөн согушкер Заки-ур-Рехман Лаквинини кол салуулардын башында турган жетекчи катары атаган. Ал тыюу салынган Лашкар-и-Тайба уюмунун лидери делинип жүрөт. Мумбаиде 26-ноябрда орун алган теракттардан 170тен ашуун адам набыт болгон.