Линктер

жекшемби, 20-август, 2017 Бишкек убактысы 15:34

С. Жапаров: Трансперэнси Интернешнл уюмунун байкоосу негизсиз


Мындай пикирин коррупцияны алдын алуу боюнча Улуттук Агенттиктин комиссары Садыр Жапаров учурда Бишкекте өтүп жаткан тегерек үстөл талкуусунда билдирди. Ал муну Кыргызстанда коррупцияга каршы омоктуу иштер жүрүп жаткандыгы менен байланыштырды. Трансперэнси Интернешнл уюму акыркы иликтөөсүндө Кыргызстанда коррупция мурдагы жылдардан өсүп кеткендигин белгилеп, 166–орунга жылдырган. Тегерек үстөлдө уюмдун Бишкектеги өкүлү Айгүл Акматжанова комиссардын дооматына макул эместигин билдирип, уюм өз докладын Эл аралык салабаттуу уюмдардын бааларынын негизинде даярдагандыгын белгиледи. Тегерек үстөлдөгү талкууга өкмөттүн, парламенттин, жарандык коомдун өкүлдөрү катышып жатышат(BuS)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG