Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:18

УТРКнын нааразы кызматкерлеринин концертине милиция тыюу салды


“Добуш” теле долбоорунун автору Шайырбек Абдырахмановдун билдиргенине караганда, журналисттердин концерт берүү үчүн даярдаган аппаратураларын Горькийдин эстелигинин жанында орнотууга милиция уруксат бербей койду. Курман айтка карата бир күндүк тыныгуудан кийин УТРКнын жетекчисине нааразы кызматкерлер бүгүн эртең менен акциясын улантышкан. Бүгүн түштөн кийин алар ошондой эле УТРКнын 50 жылдыгына карата концерт уюштурууну болжошкон. УТРКнын директору Мелис Эшимкановдун кызматтан кетишин талап кылган кызматкерлер тобу 3-декабрдан бери нааразылык акциясына чыгып атышат жана алар талаптары аткарылмайынча таркабай тургандыгын билдиришүүдө. Кошумчалап койчу жагы - УТРК 50 жылдыкка карата расмий жыйынды Улуттук филармонияда өткөргөнү жатат. Телерадиокомпания 8-декабрда негизделген. (BuS)

XS
SM
MD
LG