Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:47

УТРК - 50 дө, кызматкерлер - пикетте


Бүгүн Улуттук телерадио компаниясы 50 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Бул күнгө арналып, Улуттук филармонияда расмий жыйын өттү. Ага президент Курманбек Бакиев катышып, жамаатты куттуктады. Өз сөзүндө президент УТРКны эл менен бийлик ортосундагы көпүрө катары баалады. УТРКнын Элвира Тарковская, Абды Сатаров, Бактыбек Чаарбеков баштаган кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып, мекеменин өзүнө “Мерседес” үлгүсүндөгү бир, “Нива” үлгүсүндөгү үч автоунаа тапшырды.

Ушул эле күнү УТРКнын 30 чамалаш кызматкери Горькийдин эстелигинин жанында нааразылык акциясын улантышты. Акция өтүп жаткан жерде 50 жылдыкка карата концерт уюштурууга пикетчилерге милиция уруксат берген жок. Ассоль Молдокматова баштаган кызматкерлер 3-декабрдан бери УТРК директору Мелис Эшимкановду кызматтан кетирүү талабы менен нааразылык акциясында турушат. (BuS)

XS
SM
MD
LG