Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:05

Афинадагы тополоң токтой элек


Афинада тополоң уланууда. Шейшемби күнкү кагылыштарда ондогон адамдар жабыркады. Бүгүн жалпы өлкө боюнча массалык иш таштоо, демонстрациялар жана митингдер өткөнү жатат. Оппозиция өкмөттүн бийликтен кетишин талап кыла баштады.

Өткөн ишемби күнү он беш жашар бир өспүрүм полициянын огунан мерт болгон эле. Күнөөлүү эки полицмен азыр сурак берип жатышат.

Тополоңдун тутанышына ушул окуя себепчи болду. Төрт күндөн бери Афинада студенттер, мектеп окуучулары аламандап демонстрация өткөрүп, полиция менен чабышып, кармашып жатышат. Ондогон дүкөндөр, кеңселер, банктар талканып, Greeseталоонго түштү, көчөлөрдө автомашиналар, айрым жерлерде имараттар өрттөлдү.

Манифестанттар полицияны таш бараңга алып, күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр менен атып урушту. Өз кезегинде полиция тополоңчуларга жаш агызма газ колдонуп, суу менен атып, алардын мизин майтарганга аракет кылды.

Полициянын огунан набыт болгон өспүрүмдүн сөөгүн жерге бергени шейшемби күнү шаар четиндеги көрүстөнгө миңдеген адамдар чогулушту. Андан соң студенттер менен мектеп окуучулары шаардын борбордук бөлүгүн көздөй жүрүш жасап, парламенттин имаратына жакын жерде жол тосуп турган полиция отряддары менен чабыша кетишти. Кара кагылышта элүүдөй киши жабыркады, сексенден ашуун студент кармалды.

Массалык баш аламандык башка да шаарларга жайылды. Солоникиде, Ларисада, Гераклиондо, Ретимнодо, Ханьеде, баары болуп өлкөнүн ондон ашуун ири калаасында, Крит жана Родос аралдарында массалык демонстрациялар болуп өттү. Берлинде, Парижде, Лондондо гректер өздөрүнүн консулдук кызматтары жана элчиликтери жайгашкан имараттарда митинг-жыйындарды уюштуруп, катуу аламан салышты, айыпкерлерди жазалоону талап кылышты.

Дүйшөмбүдөн тартып өлкөдөгү көп университеттер, орто мектептер жабылды. Бүгүн жалпы улуттук иш таштоо, демонстрация, митинг сыяктуу массалык нааразылык акциялары өткөнү жатат.

Өкмөттүн премьер-министри Костас Караманлис кризиске байланыштуу президент Каролос Папулиас менен жолугуп, масилеттешти. Андан соң оппозициянын лидерлерин жыйынга чакырып,баш аламандыктарды басуунун чараларын талкуулады.

“Биз баарыбыз, биринчи кезекте - өкмөт, ошондой эле саясий партиялар, жаштар, коомдук ишмерлер жоопкербиз, - деп айтты ал. - Тилекке каршы, кайгылуу бул окуяны экстремисттик элементтер өз максатына пайдаланып кетишти. Алардын башкы максаты зордук-зомбулук экенин акыркы күндөрдөгү аракеттер көрсөттү”.

Бирок премьер-министр кандай чаралар көрүлө турганын айткан жок. Байкоочулар чукул абал жарыяланат болуу керек деп болжолдошот. Шаарларга армия киргизгенге азырынча бийликтер батынбай жатышат. Анткени гректер “кара полковниктердин” хунтасын али унутуша элек, көчөлөрдө солдаттар пайда болор замат, абал ого бетер оорлошуп кетиши ыктымал.

Оппозициядагы социалисттердин лидери Георгиос Папандреу өкмөттү бийликтен кетүүгө чакырды."Массалык тополоңдор бийлик элдин ишениминен ажыраганын көрсөтүүдө, кризисти чечүүнүн мындан башка жолу жок”, - деп айтты ал өкмөттүк жыйындан соң.

XS
SM
MD
LG