Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Орусияда тажик мигранттын башы алынган


Кабарларга караганда, окуя өткөн жума күнү Москва облусундагы кыштактардын биринде болгон. Жашылча базада жүк жүктөөчү болуп иштеген тажик улутундагы эки жаш жигит, иштен кайтып келе жатканда белгисиз топтун аткылоосуна кабылган. Алардын бири жаракат алып, качып кетүүгө үлгүргөн. “Риа-Новости” агенттигинин билдиргенимне караганда, экинчисинин башы кесилген сөөгү, эртеси ишембиде табылган.

Укук коргоочу СОВА уюмунун малыматтарына караганда, быйыл эле жеке көрүүчүлүк жүйөө менен жасалган кол салуулардан Орусияда 82 адам мерт болду, былтыр болсо ушундай 75 факт катталган.

XS
SM
MD
LG