Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Коомдук палата 35-40 кишинин колу менен 5 млн элдин үнүн бууганга аракет кылат


“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдурасулова мындай пикирин бүгүн адам укугунун эл аралык күнүнө карата өтүп жаткан жыйында билдирди. Ал Коомдук Ордо кеңеш түзүү демилгесинин артында орус өкмөт башчысы Владимир Путин турат, деп белгилеп, Кыргызстан демократиянын жоболорунан чегинүүнү орустардан үйрөнүп жатат, деп билдирди. Укук коргоочу ошондой эле бийликтин куугунтугунан улам айласыз чет жактарда жашырынып жүргөн журналисттерди, укук коргоочуларды кайра мекенине кайтарып келүүгө, алардын айрымдарына козголгон кылмыш иштерин токтотууга бийликти чакырды. Мындан тышкары учурда өлкөдөгү диний абал өтө кооптуу экендигин белгилеген Азиза Абдурасулова Орозо айт күнү Ноокатта болгон баш-аламандыкты уюштургандар бул ыкманы кимден үйрөнгөнүн бийлик ойлонууга тийиш, деп эсептейт.

Жыйында сөз сүйлөгөн өкмөт башчы Игорь Чудинов болсо президенттин жардыгы менен түзүлүп жаткан Коомдук Ордо кеңеш адам укуктарын чыңдоого өбөлгө түзө турган уюм экендигин айтты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG