Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

“Ак Жол” фракциясы УТРКнын Байкоочу кеңешинин курамын бекитти


“Ак Жол” фракциясынын бүгүнкү отурумунда УТРКнын Байкоочу кеңеши тууралуу маселе каралды. Анда фракция мүчөлөрү мамлекет башчы тарабынан Байкоочу кеңешке сунушталган 11 талапкерди бир добуштан бекитип беришти. Ага ылайык Максуда Айтиева, Актан Арым Кубат, Самат Бөрүбаев, Бексултан Жакиев, Тынай Ибрагимов, Назаркул Ишекеев, Мира Карыбаева, Ташманбет Кененсариев, Кадыралы Конкобаев, Абдисамат Сагынбаев жана Керим Турапов УТРКнын Байкоочу кеңешинин жаңы курамын түзүшөт. Бул маселе эртеңки парламенттик отурумда ЖКтин жалпы депутаттарынын кароосуна коюлмакчы.

УТРК Байкоочу кеңешинин мурдагы курамы түрдүү пикир келишпестиктерден улам таркап кеткен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG