Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:19

Чыңгыз Айтматовду чет жактагы кыргыздар да эскерүүдө


Чыңгыз Айтматов, 2008-жылдын 23-январы
Чыңгыз Айтматов, 2008-жылдын 23-январы

12-декабрь - улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Бул күнгө карата жазуучуну чет мамлекеттерде жашаган замандаштар дагы эскерип, ар кыл иш-чараларды уюштуруп жатышат.

Асель аттуу кыз учурда Италияда окуп жүрөт. Ал бул өлкөдөгү башка кыргыз студенттери менен бирге 21-декабрда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечесин уюштуруп жатат:

- Бул чакан кече болот. Ага баш-аягы отуздай адам катышат. Жаштар Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү окуп, ал тууралуу доклад жасашат. Жазуучунун адабияттын өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу дагы сөз болот. Соңунда “Ак кеме” тасмасы көрсөтүлөт.

Аселдин айтымында, иш-чарага Италияда окуган бир эле Кыргызстандандыктар эмес, КМШ мамлекеттеринен дагы жаштар катышат. Анткени алар дагы Айтматовду абдан сыйлашат.

Улуу жазуучунун 12-декабрдагы туулган күнүнө карата бир канча мамлекеттерде мекендештер жогорудагыдай эскерүү кечелерин өткөргөнү жатышат. Маселен Москвада 22-декабрда жазуучунун 80-жылдыгына карата маараке уюштурулат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров билдирди:

- Маараке Москвадагы «Космос» конок үйүнүн миң орундуу залында өтөт. Ага Орусияда жашаган кыргыздардын уюмдары чакырылды. Мындан тышкары Кыргызстандан жазуучунун замандаштары, тууган-уругу, жоро-жолдоштору да келет. Маараке төрт саатка созулат, ал эми кечинде чогулгандарга Кыргызстандын келген көрүнүктүү өнөрпоздор концерт тартуулашат.

Элчи мырзаныны айтымында, иш-чарага Кыргызстандан Орусияга барып иштеп жатышкан башка улуттун дагы өкүлдөрү катышат.

Февраль айында жазуучуну эскерүү кечеси Түркияда дагы өтөт. Кечени жаштардын “Ыйык Ата Журт” фондунун бул өлкөдөгү өкүлчүлүгү уюштурууда.

Бул тууралуу аталган фонддун жетекчиси Эрлан Эсенканов буларга токтолду:

- Иш чарада жазуучунун дүйнөлүк адабияттагы ролу талкууланып, анын чыгармаларынын адамзаттын өнүгүп-өсүшүнө тийгизген таасири туурасында сөз болот. Кечеге Түркиядагы кыргызстандык замандаштар, түрк акын-жазуучулары катышат. Кечени ушул айга пландаштырып жатканбыз, бирок айрым себептерден улам февралга жылды.

Негизи бул өлкөдө буга чейин дагы улуу инсанды эскерүү иш-чаралары байма-бай уюштурулуп келген. Түркиянын Маданият министрлигинин буйругу менен июнь, сентябрь айларында Чыңгыз Айтматовго арналган бир топ иш-чаралар өткөн.

Ал эми коңшу Казакстанда жогорудагыдай эскерүү кечелери бүгүн башталды. Астанада 3 күн бою мектептерде жазуучунун туулган күнүнө карата ар кандай иш-чаралар өтмөкчү.

Бул тууралуу аталган шаардагы кыргыздардын маданий борборунун төрагасы Шавкат Исмаилов буларды айтты:

- Мектептерге барып Айтматов тууралуу доклад жасап, анын жашоо-турмушу, чыгармачылыгы тууралуу айтып беребиз. Балдар өздөрү дагы чакан көрсөтүү уюштурушат. Биз март айында кыргыз балдары билим алган № 7 мектепке Айтматовду чакырып, күйөрмандары менен ири жолугушуу өткөргөнбүз. Эми ошол мектепте Айтматов бурчун түздүк.

Мындан тышкары Шавкат мыразынын айтымында, 12-декабрда кыргыздардын маданий борборунда залкар инсанды эскерүү кечеси өтүп, улуу жазуучунун арбагына багышталып куран окутулат.


XS
SM
MD
LG