Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:57

Барак Обаманын Сенаттагы орду, губернатордун «шору»


Шейшемби күнү камакка алынган Иллинойс штатынын губернатору Род Благоевич 4, 5 миң доллар күрөө төлөп, абактан чыкты. Ага АКШ президенти шайланган Барак Обаманын Сенаттагы ордун чоң пайда менен сатмак болду деп шектелүүдө. Иллинойстун прокурору бул окуяга Барак Обаманын эч кандай катышы жок экенин билдирди.

Иллинойстун Түндүк округунун прокурору Патрик Фицжералд губернатор Род Благоевич штаттын АКШ Сенатындагы ордун өз пайдасына сатмакчы болгонун билдирди:

-Губернатор Благоевичтин опурталдуу жүрүм-туруму, бүгүн ачылган кылмыш иши боюнча, анын Сенаттагы орунду сатууга аракет кылганында. Иллинойстун мыйзамы боюнча, президент шайланган Обаманын ордуна сенаторду губернатор өзү дайындоого укуктуу.

Фицжералд шейшемби күнү Чикагодо өткөн маалымат жыйынында Благоевичтин ишин саясый коррупция катары сыпаттады:

-Бул Иллинойстун өкмөтү үчүн өтө жаман күн. Губернатор Благоевич бизди чындап жер каратты. Губернатор Благоевичтин камакка алынуусун саясый коррупцияга байланыштуу кылмыш ишмердүүлүгү деп мүнөздөй алабыз.

Фицжералддын айтышынча, Барак Обаманын Иллинойстун губернаторунун бул аракетинен кабардар экенин тастыктаган далилдер жок. Обама өзү Благоевич менен эч кандай алакасы жок экенин маалымдады:

-Губернатор жана анын кеңсеси менен эч кандай байланышым жок эле. Эмне болгонун да уккан эмесмин.

Благоевичти айыптоолор-Федералдык чалгындоо бюросу мыйзамдуу жазып алган анын телефон сүйлөшүүлөрүнө негизделген. Демократ-губернатор Сенаттагы орун ал үчүн «колдон бекер чыкпас дөөлөт» экенин айтып, андан акча кылууну каалаганын жашырбай жүргөн. Экинчи мөөнөт губернатор болуп жаткан Благоевич сенаторлукту чоң пайдага сата албаса, Иллинойстун мыйзамы боюнча, өзү сенатор болсом деп мерчемдеген. Ал, учурдан пайдаланып, аялын да майлуу кызматка орноштуруу көздөгөнү маалымдалды.
Демократтар менен республикачылар Благоевичти губернаторлуктан кетүүгө чакырышууда. 52-жаштагы Благоевич талапка көнбөсө, парламентарийлер ага ишеним көрсөтпөө жараянын баштайбыз дешүүдө.

Иллинойстун мурдакы губернатору Жорж Раян да жемсөөлүк кылды деп айыпталып, былтыр алты жылга кесилген. Маалыматтарга караганда 74 жаштагы Раянда Благевич мунапыс берет деп үмүт күчтүү болчу.

XS
SM
MD
LG