Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:58

Элдик революциялык кыймылдын лидерлери Кара-Суу районунун калкы менен жолугушту


Райондогу Шарк айылынын маданият үйүн жергиликтүү бийлик жаптырып таштагандыктан Элдик революциялык кыймылдын жол башчысы Азимбек Бекназаров, мүчөлөрү Топчубек Тургуналиев, Анвар Артыков аталган кыштактын 150 чакты тургуну менен бирөөнүн үйүндө жабык жолугушту. Уюм башчысы Бекназаров Бакиев убадасынан айнып, үй-бүлөлүк башкаруу жолоюна түшкөндүгүн айтып, калкка азыркы бийликти мөөнөтүнөн мурда кетирүү чакырыгын таштады. Ошондой эле бириккен оппозиция улуттук лидерди революциядан кийин гана тандай тургандыгын жарыялады. Жергиликтүү бийлик маданият үйүнүн жабылышын, чогулган элди таратуу аракетин комментарийлөөдөн баш тартты. (АТо)

XS
SM
MD
LG