Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Бүгүн Ташкентте газ маселеси боюнча сүйлөшүүлөр улантылат


"Кыргыз газ" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиргенине караганда, ишкананын жетекчиси Саламат Айтикеев менен өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Ильяс Давыдов келерки жыл үчүн Өзбекстандан келүүчү газдын баасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Көгүлтүр газдын баасын чечүү 12-декабрга болжолдонууда. Маалыматка караганда, өзбек газынын келерки жыл үчүн баасы миң кубометрине 300 доллардан болушу айтылууда. 2007-жылы Өзбекстан Кыргызстанга көгүлтүр газдын миң кубометрин 100 доллардан сатып келсе, үстүбүздөгү жылы болсо 145 доллардан сатууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG