Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:22

“Азаттыктын” жетекчилиги кыргыз бийлиги менен сүйлөшөбү?


Гезиттердин санын кечээ канча жылдан бери жарык көрбөй калган “Кыргызстан маданияты” толуктаса, бүгүн маалымат короосуна “Айат пресс” аттуу жаңы гезит кошулду.

  • "Айат пресс"

Коом, турмуш, маданиятты чагылдырууну көздөгөн “Айат пресс” гезити 5 миң нуска менен күркөлөргө түштү. Башкы редактору белгилүү журналист Жылдыз Мусабекова. Гезит 6-бетинде “Азаттыкты” УТРК 9 аптадан бери жерип келет” деген аталыштагы “Азаттык” үналгысынын баш деректири Тынчтыкбек Чоротегиндин макаласына орун берген. Анда жакынкы апталарда “Азаттыктын” Берүүлөр Башкармалыгынын Кеңешинин жана Эларалык Берүүлөр Бюросунун Бишкекке келип, УТРК менен мамилелерди шериктер такалган учурдагы убактылуу “жардан” чыгаруу үчүн Кыргыз улуттук сыналгы жана үналгы компаниянын жетекчилиги жана Кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүлөрү күтүлөрү тууралуу сөз болот. “Азаттыктын” берүүлөрүн УТРКда калыбына келтирүүнү тездетүү, Ала-Тоодогу айрым серепчилердин оюнча, УТРКнын жетекчилиги гана эмес, Кыргызстандын президенти менен өкмөтүнүн да саясый эркине таандык, себеби ушул тапта УТРК демократиялык өлкөлөрдөгүдөй көз каранды эмес коомдук кеңештин башкаруусуна өтпөстөн, түздөн түз президенттин көзөмөл астында кала берүүдө деп айтылат анда.

Гезит мындан тышкары Бектуруш Салмаганинин “Көп коркутат, терең чөктүрөт” деген макаласын окурмандарга сунуш кылды. Макала автору соода-сатык шылтоосу менен шугулданган кытай жарандары Кыргызстанды эле эмес дүйнөнү каптап бараткан коркунучу туурасында маселе козгосо, журналист Дүйшөн Керимов макаласынын атын “Токтогул ГЭСин томсортуп, Камбар-Атадан каниет алабызбы?” деп атаган. Автор “кургакчылык” деген куржалаа менен Токтогул ГЭСин азыркы абалга алып келгенибизди, кезинде миң сандаган короо-сарайлар менен ондогон завод-фабрикаларды жарык кылып турган энергия караңгыда карайлап калганын, Акаев доорунда “Жолчубек” атка конгон Тойчубек Касымовдун ит ашпас ашуулары, опурулма Осмонакундун ойлору, кийин анысын жарыктык Т. Усубалиев колдоп, Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече “закым темир жолун” курмакчы болгондору, миллиондогон акчалар, аны менен кошо эл ишениминин талаага чачылганы жөнүндө кеп кылды.

  • "Аалам"

“Аалам” гезити баяндамачы Жолдошбек Зарлыкбековдун “Айтматов ааламы” аттуу макаласын, Темир Сариевдин “Кочкордон кол салабыз деген бийлик “мыш” болду” деген интервьюсун, депутат Иса Өмүркуловдун “Кумтөрдү” улутташтыруунун артында эмне жатат”, Пара бул студент менен мугалимдин мамилеси”, “Эралиевге асылгандык эси жоктук”, “Ассоль... Ассоль...” атуу макала-баяндар, ой-пикирлер менен жарыкка чыкты.

  • "Учур"

“Учур” гезити жаңы санын “Момпосуй саясатчы” деген рубрика алдында “Бүгүнкү Айтибай Тагаев кечээги Таштанбек Акматовбу?” деп баштап, баяндамачы Сергей Нурманбетовдун “Кыргызстан кандай башкаруу системасына муктаж” аттуу макаласы менен улады. “Жаралуу “карышкыр” өч алабы?” деген макаласында гезит кабарчысы Манас Осмон: “Өткөн жумада “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидерлери Исмаил Исаков менен сүйлөшүү жүргүзгөнү эле эмнени каңкуулайт? Оппозицияны өмүрү оозанбаган “Жаңы кылым” гезити “тузу өткөн” материалдарды жарыялай баштады. Ал да Үсөн аканин гезити. Ак үй уктап жатат. Президент Улуттук кеңеш түзүп, Ү. Сыдыковго жетектетип коет деген бир аз чындыкка коошпой туру. Азырынча саясатта эч кандай өзгөрүү болбогон менен ал киши качандыр бир күнү саясатка кайтып келет. Анткени, ал жөн жатпаган киши, жаралуу карышкыр кандай өч алса, ал киши да ошондой өч аларынан кам санабаңыз” деп жазды. Гезит ушул эле санына ЖК депутаты Б. Бешимовдун “Айрым фронтчулар бийликке жылжып кирип, курт сымал чиритишүүдө”, ЖК депутаты М. Жураевдин “Президент чындыкты көрбөй жатат” деген маектешүүлөрүнө да окурмандардын назарын бурду.

  • "Асман press"

“Асман prеss” гезити “Мадумаров тизмеден чыкты”, “Баяман акыркы жолу ким менен сүйлөшкөн” атуу аталыштарды 1-бетине алып чыкты. Ал эми “Жоктоо” деген рубрика алдындагы ой топтомдордо төкмө ырчылар А. Таалай, Ш. Адылов, А. Туткучовдор жакында эле дүйнө салган Ашыралы менен Тууганбай акындар туурсында кеп кылышкан. Алардын ойлорунун алдына төкмө ырчы Э. Иманалиевдин “Чыңгыз өлбөс болсочу?” деген жоктоо ыры да басылган.

  • "Лица"

Орус тилдүү “Лица” гезити өткөн курултайдагы оппозиция лидерлеринин сүйлөгөн сөздөрүн жарыялоону уланткан. Бул санда саясатчылар Р. Отунбаева менен “Улуу биримдик” партиясынын жолбашчысы Э. Каптагаевдин сөздөрү бар. Булардан тышкары аталган гезит окумуштуу О. Ибраимовдун улуу жазуучу Ч. Айтматов тууралуу баянын, гезит редактору Б. Букашеванын “Турсунбек Акун кеме чөгүп кетпес үчүн анын капитанын ургулай бербөөгө чакырууда” деген ат менен макаласын сунуш кылган. Анда Т. Акун көп саясатчыларга, атап айтканда Кулов, Атамбаев, Эшимкановго караганда саясатта бийик боло алганы, чындыктын жашырбай, тике айтып жүргөнү туурасында баяндалат.
XS
SM
MD
LG