Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:49

Чыңгыз Айтматовду Түркияда дагы эскеришет


Түркияда февраль айында залкар жазуучу Чынгыз Айтматовду эскерүү кечеси өтөт. Кечени жаштардын “Ыйык Ата Журт” фондунун бул өлкөдөгү өкүлчүлүгү уюштурууда. Бул тууралуу аталган фонддун жетекчиси Эрлан Эсенканов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, иш-чарада жазуучунун дүйнөлүк адабияттагы ролу талкууланып, анын чыгармаларынын адамзаттын өнүгүп-өсүшүнө тийгизген таасири туурасында сөз болот. Кечеге Түркиядагы кыргызстандык замандаштар, түрк акын-жазуучулары катышат. (AiJu)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG