Бүгүн Бишкекте жаштар саясаты боюнча жаңы улуттук концепция талкууланды. Аталган документтин үстүндө иштеп жаткан топ жыйынга массалык маалымат каражаттарын чакырган. Журналисттер документ менен таанышып, концепциянын негизги жоболору туурасында өз ой-пикирлерин айтышты. Чогулгандардын көбү документ бир аз чийки болуп калганын, андыктан аны андан ары да иштеп чыгуу зарыл экенине токтолушту. (AiJu)