“Ата Мекен” социалисттик партиясы бийликти сөз эркиндигине басым жасады деп айыптады. Партия “Азаттык” жана “Би-Би-Си” радиолорунун чыкпай калышын бийликтин басымы катары баалап, бийлик калктын акыйкат жана чынчыл маалымат алышына тоскоолдук жасап жатат деп билдирди. “Бийликтин маалымат каражаттарына сот, финансы жана материалдык жактан басып жасаганы бийликтин чындыктан корккону менен байланыштуу. Маалымат каражаттарын сатып алган байлар акыйкатты айткандарга каршы согуш жарыялап жатат”,-деп белгиленген билдирүүдө. “Ата Мекендин” пикиринде, бийлик өзүнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн саясий цензураны орнотту. Ошол эле мезгилде партия бийликти эл аралык укуктук нормаларды сактоого, сөз эркиндигин камсыздоого чакырды.(AiT)