Бул тууралуу бүгүн жаштар саясаты боюнча концепцияны талкуулоо учурунда айтылды. Документти иштеп чыккан топтун билдиришинче, өлкөдөгү жаштарды үч топко бөлсө болот. Биринчиси саясий жактан активдүү он төрт жаштан отуз беш жашка чейинкилер. Алар өз проблемаларын чечүүгө толук күчү жеткен, башкаруу системасына аралаша алган жаштар. Экинчи топтун өкүлдөрү саясий жактан пассивдүү, коомдук иштерге дээрлик катышпагандар. Алар жаштардын эң калын катмарын түзөт. Ал эми социалдык жактан аз камсыз болгон жаштар үчүнчү топту түзөт. (AiJu)